19.10.2018 08:30

Ноябрдан тартып, айрым кыргызстандыктар Россиянын «кара тизмесинен» чыгарылат

Ноябрдан тартып, айрым кыргызстандыктар Россиянын «кара тизмесинен» чыгарылат

Россия 2018-жылдын ноябрынан тартып, «кара тизмеге» түшүп калган КРнын жарандары үчүн РФнын аймагына кирүүгө салынган тыюуну алып салат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинен билдиришти. 

 «Кара тизмеден»  бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылган (№114-Федералдык Мыйзамдын 26-беренесинин 4-пункту боюнча) кыргызстандыктар, ошондой эле, РФга мурунку келишинде убактылуу жашап туруусунун мөөнөтү бүткөндөн кийин 30 сутка ичинде чыгып кете албай калган КРнын жарандары (№114-Федералдык Мыйзамдын 26-беренесинин 8-пункту боюнча) чыгарылат .

Федералдык мыйзамдын жогоруда белгиленген пункттарына ылайык, Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган КРнын жарандары 2018-жылдын ноябрь айынан тартып, алдын ала өздөрүн РФнын ИИМнин сайтынын маалыматтар базасынан текшертип алып, Россиянын аймагына кире берүүгө болот. 

«Андан сырткары, Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузуп, мыйзамсыз түрдө Россиянын аймагында жашап, иштеп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандары (РФнын аймагында туруу мөөнөтүнүн өтүп кетиши жана оор эмес административдик укук бузгандар) 2018-жылдын 16-октябрынан тартып 10-декабрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз жана жазасыз Россиянын аймагынан чыгууга жана каалаган мезгилде кайрадан кирип, өздөрүнүн миграциялык тарыхын таза бойдон баштоого укуктуу» -деп жазылат маалыматта. 

Төмөндөгү КРнын жарандары бул жеңилдиктерден пайдалана алышпайт:
- Россиянын сот органдары тарабынан өз алдынча чыгууну көзөмөлгө алуу жолу менен РФнын аймагынан чыгаруу жөнүндө соттук чечим менен “кара тизмеге” киргендер (соттук чечимди аткарбай РФнын аймагынан чыкпагандар);
- укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жарандар;
- “РФсына кирүү жана РФнан чыгуу тартиби жөнүндө” №114-Федералдык Мыйзамдын 27-беренесинин негизинде Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган КРнын жарандары.