15.11.2018 16:00

Нурбек Токтакунов: Президентке импичмент жарыялоого негиз пайда болду

Нурбек Токтакунов: Президентке импичмент жарыялоого негиз пайда болду

Президентке импичмент жарыялоого негиз пайда болду, деп жазды жактоочу, жарандык активист Нурбек Токтакунов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында.

«Президентке импичмент жарыялоого негиз пайда болду. Менде Сооронбай Жээнбековдун президенттикке ат салышып жаткан кездеги шайлоо штабынын кассасы тууралуу маалымат бар. Ал документти мага штабга тиешеси болгон адам берди», - деп жазат Токтакунов.

Анын айтымында, расмий маалыматтар боюнча Жээнбековдун үгүт кампаниясына 158 млн 96 миң сом коротулганы айтылган. Бирок, документте такыр башка сандар көрсөтүлгөн. 

«Иш жүзүндө шайлоого 1 миллиард 170 млн 265 миң сом жана 6 млн 855 миң 700 доллар жумшалганы документте көрүнүп турат. Ал кездеги доллардын курсун эске алганда, жалпы-жонунан 24 млн долларга жакын каражат жумшалган экен. Ал акчанын баары штабга Икрамжан Илмиянов аркылуу (документте «И.С.» деп берилген-ред.) Сооронбай Жээнбековдон түшкөн (документте «СШ»-ред.) «ИС аркылуу СШдан» келген акчалардан сырткары кай бир Т.Т.Туманов 1 млн 500 миң сом, Примов 1 млн 483 миң сом,  Кадыркулов Искендер 1 млн сом бериптир. Сокулук, Сузак, Жалал-Абаддан келген акчалар да бар. Анын баарын алып таштаганда, Сооронбай Шарипович жеке өзү Икрамжан Саттарович аркылуу өзүнүн шайлоо алдындагы өнөктүгүнө 23,5 млн доллардан кем эмес акча коротуптур. Мыйзам боюнча, талапкер өз акчасынан 15 млн сом гана коротушу шарт», -дейт жактоочу.  

Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеген Сооронбай Жээнбековго мынча акча кайдан келди деп  суроо салган жарандык активист, эми бул акчалар үчүн президент кимдир-бирөөгө көз каранды деген ойду четке какпайт.

Ошондой эле, шайлоо штабы короткон миллиондордун көбү шайлоочулардын добушун сатып алууга кеткен деп божомолдоого негиз бар экенин билдирет.

«Мисалы, Тайыр Сарпашев 7 млн 890 миң сом алыптыр. А  Аманкулов Маратка болсо, орус тилдүүлөр арасында өткөргөн иш-чаралары үчүн  2 млн 260 миң сом берилиптир», -деп жазат Токтакунов.

Анын оюнча, шайлоо штабынын чыгымдарына караганда, президент Жээнбековдун кыймыл-аракеттеринде төмөнкүдөй кылмыштын белгилери байкалат: -  140-берене  «КР президенттигине талапкердин шайлоочулардын добушун сатып алышы...»;
-  141-1-берененин 2-бөлүгү – «Талапкердин шайлоо кампаниясын өткөрүү үчүн шайлоо фондунун каражаттарынан сырткары ири өлчөмдөгү каржылык колдоону пайдалануу...…»

Мындан улам, жактоочу Жогорку Кеңеш бийликтеги президентке айып тагып, баарын тыкыр текшерип чыккан соң импичмент жарыялоого тийиш деп эсептейт.