06.07.2018 18:23

Нурбек Токтакунов: ЖЭБ иши боюнча эксперттик топко УКМК тергөөчүлөрү кысым көрсөтүүдө

Нурбек Токтакунов: ЖЭБ иши боюнча эксперттик топко УКМК тергөөчүлөрү  кысым көрсөтүүдө

ЖЭБди жаңылоо ишин курулуштук-техникалык экспертизадан өткөргөн топ УКМК тергөөчүлөрү тарабынан кысымга алынууда. Бул туурасында Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Анда «Бишкек ЖЭБин жаңылоонун жүрүшүндөгү коррупция боюнча 303-берене менен ачылган кылмыш ишин иликтеп жаткан УКМКнын тергөөчүлөрү КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын курулуштук-техникалык экспертиза боюнча адистерине кысым көрсөтүп жатышканы тууралуу маалыматым бар», -деп жазылат.

Жактоочунун айтымында, 25-июнда курулуштук-техникалык экспертизанын эксперти Мамбетбаев Талант УКМК тергөөчүлөрүнө ЖЭБ иши боюнча экспертизанын корутундусун көрсөткөн. Ал айыптоочу тараптын айткандарынан айырмаланган.  

28-июнда УКМК жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын имаратына кирип келип, эксперттин иш бөлмөсүнө мөөр басып, документтерди тартып алып, өзүн суракка алган. 

«Жыйынтыгында, башка эксперттерден турган топ кайра экспертиза жүргүзүп  жатышат. Ошондой эле, жакында эле Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын айрым жогорку кызматтагы адамдарынын жумушунан кол жуушу дагы бийликтин эксперттик кызматка кысым көрсөтүүсү менен байланыштуу болушу мүмкүн деген божомол бар», - дейт Токтакунов.

«Соттук-эксперттик ишмердүүлүк тууралуу» Мыйзамдын 7-беренесине ылайык, экспертиза жүргүзүп жаткан соттук эксперт эч кимден көз карандысыз болуп, иштин жыйынтыгына кызыкдар тараптын кысымына кабылбаш керек. 

Аталган берененин нормасы соттук, укук коргоочу жана башка мамлекеттик органдарга, уюмдарга, бирикмелерге, ошондой эле жеке жактарга соттук экспертизаны өткөрүү иштерине аралашууга түздөн-түз тыюу салат.

«Мындай жол менен, УКМКнын жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери эксперттин ишине мыйзамсыз киришип, аны менен сот адилеттүүлүгүнө жана эксперттин жекечелигине кол салышты. Алардын ишмердүүлүгүндө 325-берененин 1-бөлүмү (экспертти корутунду берүүгө мажбурлоо), 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренеси (кызматтык укуктарынан ашыра колдонуу) боюнча кылмыш белгилери камтылат. Азыр биз Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын бир нече жооптуу адамдары кармалды деген маалыматты текшерип жатабыз», -  дейт жактоочу.