13.11.2018 16:12

Нурлан Насип: Тапкан акчамды бир туугандарыма коротом

Нурлан Насип: Тапкан акчамды бир туугандарыма коротом

«Чыгармачылык бир кирешесин берсе, бат эле буттан тургузуп коет. Аны көтөрө албай кетсең, бутуңан көтөрүп чаап коюшу бат эле», -деген ырчы Нурлан Насип «Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» берүүсүнө конок катары келип, маек курду.

Айтымында, ырчылык менен алектенгиче, ар кайсы тармакта иштеп, аябай кыйналган күндөрү болгон. Кийин ырчылыктан акча таап баштаганда, кирешесине алгач эле Бишкектен 2 бөлмөлүү батир алган.

«Ошол эки бөлмөлүү үйгө  ата-энем, бир туугандарым болуп, баарыбыз батып жашачубуз. Кийин дагы акча топтоп, чоң үй салдым. Азыр эми ошол үйгө батпайбыз. Кичинекей жер берекелүү болот экен», -дейт ырчы.

«Кийин ал батиримди эжеме белек кылдым. Тапкан акчамды бир туугандарыма коротом. Башка ашып-ташыган деле байлыгым жок. Унаам бар», -дейт ал. 

Нурлан Насип жакында эле Instagram баракчасына миллион күйөрман топтоду. Буга чейин өз баракчасы аркылуу акча табууга кызыкпаган жигит эми эмне себептен жарнама берүүчүлөр менен иштешип калганын журналисттерден жашырган жок.

Ошондой эле, тойдон тапкан эң көп гонорары, байлардын тою менен жөнөкөй адамдардын тоюнун айырмасы, жубайынын үлпөт тойдо кийген көйнөгүнүн кийинки тагдыры жана келе жаткан жылы бизнес ачууга камданып жатканы тууралуу да сөз кылды. 

Ырчы менен болгон маекти бүгүн, 13-ноябрда саат 21:00дө «Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» берүүсүнөн көрө аласыздар.