14.06.2018 18:20

Нурсултан Назарбаев кыргыз элин жана президентин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Нурсултан Назарбаев кыргыз элин жана президентин Орозо айт  майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

«Сизди жана Кыргызстандын бардык элин мусулман үмөттөрү чоң сыймыктануу менен атап өтчү касиеттүү Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Берекеси мол касиеттүү майрам күндөрү ынтымак менен ырысыбыз арта берсин. Адам баласын мээримдүүлүк менен кайрымдуулукка жетелеп, көңүлүнө бийик баалуулуктарды уялаткан Орозо айттын шоолалуу күндөрүндө Сизге чың ден-соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине тынччылык жана өсүп-өнүгүү каалайм», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.