08.08.2018 10:34

Октябрдан тарта өлкөнүн бардык аймагында электрондук патент алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт

Октябрдан тарта  өлкөнүн бардык аймагында электрондук патент алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт

Бишкек жана Ош шаарларында 2018-жылдын 1-августунан тартып, электрондук форматтагы патенттерди берүү башталды. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

2018-жылдын 1-августунан тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик салык  кызматы Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу, милдеттүү патент  жана милдеттүү  патент  алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндөгү жалданма жумушчуга электрондук  форматтагы  документ түрүндө (электрондук патент) патент берүүнү баштады.

2018-жылдын 1-октябрынан баштап Кыргыз Республикасынын калган аймактарында электрондук форматтагы патент берүү башталат. Электрондук патенттерди берүү салык төлөөчүлөрдүн  патент алууга убакыт коротуусун  кыскартууга  багытталган. Белгилей кетчү жагдай,  салык төлөөчүлөр патенттерди  өз тандоосу боюнча: мурдагыдай  кагаз түрүндө же электрондук форматта ала алышат.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-31-июлунда Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында электрондук форматтагы патент берүү сынамык долбоору өткөн.