10.08.2018 13:46

Он ай ичинде portal.tazakoom.kg кызматынан 85,5 миң жолу колдонушкан

Он ай ичинде portal.tazakoom.kg кызматынан 85,5 миң жолу  колдонушкан

Мамлекеттик каттоо кызматынын portal.tazakoom.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын онлайн кызматтарынан 10 айдын ичинде жарандар 85 533 жолу колдонушкан. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Баарынан көп сурамжылоолор ЖЖКны бузгандыгы үчүн айыппулдарын текшерүү – 36 217 жолу жана Калктын мамлекеттик бирдиктүү реестринен көчүрмө алуу – 21 161 жолу боюнча келип түшкөн.

Паспортту тариздетүүгө карата электрондук берилген арыздар санынын жогорулоосу катталган, бардыгы болуп 146 паспорт тариздетилген. Порталдын ишинин негизги максаты – калкка үйүнөн чыкпастан кызматтардан колдонуу жана маалымкаттарды алуу мүмкүндүгүн сунуштоо жана бул мамлекеттик санариптик трансформациялоодону маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Портал интернет аркылуу көрсөтүлө турган Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтарына карата жеткиликтүүлүктүн бирдиктүү чекити болуп саналат. Авторизациялануу жеке кабинеттен Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын-паспортун пайдалануу менен жүргүзүлөт.

Кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөнүн ыңгайлуу болушу үчүн Колдонуучуларга акы төлөө ыкмасын тандоо мүмкүндүгүн бере турган банк карталарын же электрондук капчыкты колдонуучу төлөм тутуму ишке киргизилген.

Бүгүнкү күндө Порталда төмөнкүдөй кызмат көрсөтүүлөр ишке ашырылат:

- никеге туруусун каттоого карата арыз берүү;

- үй-бүлөлүк абалын текшерүү;

- паспорттун жарактуулугун текшерүү;

- жалпы жарандык паспортту (ЖЖП) алууга карата арыздарды берүү

(биринчи жолу алуу, экинчи ЖЖП, жарактуулук мөөнөтүнүн аяктоосу, виза

барактарынын аяктоосу) жана паспорттун даяр болгондугун текшерүү;

- аттестаттардын жана дипломдордун аныктыгын текшерүү;

- жашаган жери боюнча каттоого туруу;

- Табылгалар бюросундагы жокументтерди текшерүү;

- кыймылсыз мүлк жана транспорт каражаты боюнча көчүрмөлөр;

- айдоочулук күбөлүк боюнча көчүрмө;

- ЖЖКны бузгандыгы үчүн айыппулдарды текшерүү.

Мындан башка мамлекеттик каттоо кызматтарын сунуштоону электрондук форматка баскычтуу өткөрүү боюнча иштер улантылууда.