11.07.2018 10:34

Оор жүк ташуучу унааларга күзгө чейин күндүз жол жүрүүгө тыюу салынды

Оор жүк ташуучу унааларга күзгө чейин күндүз  жол жүрүүгө тыюу салынды

Оор жүк ташуучу унааларга 1-июлдан 1-сентябрга чейин  9.00-20.00 аралыгында Кыргызстан ичиндеги жолдордо жүрүүгө тыюу салынды. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти. 

Мындай чара жолдорду бузулуудан сактоо үчүн кабыл алынган. Күндүн ысыгы 28 градустан ашканда 25 тоннадан ашык салмактагы ууналар жолго чыга албайт.

Чектөөнүн жүргүнчү, гуманитардык жардам, атайын уруксат менен жүк ташыган, кооптуу жүктөрдү ташыгандарга тиешеси жок.