30.09.2019 12:16
Орок айылында жаңжал чыгып, ок атылды
Сокулук районунун Орок айылында жаңжал чыкты. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, 24.kg агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 29-сентябрда үйлөнүү тоюнун аягында болгон. Жергиликтүү тургундар уруша кетип, ал мушташка айланган. Жаңжалдын жүрүшүндө эркектердин бири куралдан ок чыгарган.
«Алдын ала маалымат боюнча ок атуудан бир киши жабыркады. Бул факт Ленин РИИБинде каттоого алынды», — деп билдирет агенттик.
Чүй облустук милициясы азырынча бул тууралуу маалымат тарата элек.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: