28.11.2019 13:41
Орусия Кыргызстанга эки тик учак белекке берди
МИ-8МТ жана П-18 тик учактары Кыргызстанга 27-ноябрда салтанаттуу турдө тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирет.
Орусиянын Коргоо министрлиги менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 2018-жылы бекиткен келишимине ылайык бул техникалар кайтарымсыз жардам катары берилди.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн №23565 аскер бөлүгүнүн Кант шаарындагы авиациялык-техникалык эксплуатациялык бөлүгүндө аскер техникаларын, МИ-8МТ жана П-18 тик учактарын тапшыруу аземи болду. Ага Башкы штабдын башчысынын орун басары Нурлан Чомоев жана Орусиянын Коргоо министринин орун басары Александр Фомин катышкан.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: