16.04.2018 14:37

Ош базарында эмне гана жок

Акыркы күндөрү кырсык чырмаган Ош базары мындан 35 жыл мурун ачылган. Алгач Ала-Арча-Ош деп аталганы менен кийин Ош базары деп өзгөртүлөт. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин соода орундары менчикке сатылган. Учурда базардын жалпы аянты 6 гектарга жакын. Ал жерге баш баккан адам, өзүнө керектүү баардык нерсени таап алса болот жана базардын өзүнө таандык эрежелери, мыйзамы бар. Башаламандыктын символу болгон Ош базарын April.kg кабарчысы Айгөкүл Дайырбек кызы кыдырып келди.