13.04.2018 10:56

Ош базарындагы өрткө байланыштуу кылмыш иши козголду

Ош базарындагы өрткө байланыштуу кылмыш иши козголду

Борбордогу Ош базарында өрт чыгуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында укук коргоо органдарынан билдиришти.

13-апрель күнү саат 3:50дө  «102» кызматынын нөөмөт бөлүмүнө Ош базары күйүп жатканы тууралуу билдирүү түшүп, окуя болгон жерде коомдук тартипти сактоо үчүн ички иштер органдарынын 800 кызматкери тартылган.

Учурда тергөө тобу өрттүк-техникалык экспертизанын адистери менен биргеликте өрт чыккан жерди кароо иштерин жургүзүшүүдө. Экспертизанын жыйынтыгы менен өрттүн келип чыгуу себептерине юридикалык баа берилет.

Материалдар Ленин райондук ички иштер башкармалыгында катталган.

Билдирүүдө, өрт чыгуу фактысы боюнча 174-берене (Мүлктү атайылап жок кылуу же бүлдүрүү) жана 238-берене (Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгону айтылат.