13.04.2018 09:30

Ош базарындагы өрттөн 2 миң чарчы метр аянт күйдү, жабыркагандар -бешөө

Ош базарындагы өрттөн 2 миң чарчы метр аянт күйдү, жабыркагандар -бешөө

Ош базарындагы өрттү сатуучулар алгач өз күчтөрү менен өчүрүүгө аракет кылышкан.  Жалынды токтотууга мүмкүн болбогондо гана, өрт өчүрүүчүлөргө чалышкан.  Мындан улам, өрт көп аймакка тарап кетүүгө үлгүргөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Азимбек Чаргынов кабарчыларга билдирди.

Анын айтымында, биринчи өрт өчүрүүчү топ окуя болгон жерге таңкы саат 3.55те келген. 7.40та өрттү толук токтотууга мүмкүн болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрттөнгөн жердин аянты 2 миң чарчы метрди түзөт.

 «Өрттүн келип чыгуу себептерин азырынча айта албайбыз. Алдын ала алынган маалымат боюнча, өрт 3  жерден чыгышы мүмкүн. Текшерип бүткөн соң аныгын айтабыз», — деди Азимбек Чаргынов.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы саат 9:00го карата алынган маалымат боюнча  өрттөн 5 адам жабыркаганын билдирди. Алардын баары тең- өрт өчүрүүчүлөр. 4 өрт өчүрүүчү тутүндөн жеңил уулануу алса, бешинчи кызматкер 2-деңгээлдеги күйүк алган.