26.04.2018 23:00

Ош базарынын өрттөнүшүндө мэриянын эч кандай кызыкчылыгы жок

Ош базарынын өрттөнүшүндө мэриянын эч кандай кызыкчылыгы жок

Ош базарынын өрттөнүшүндө мэриянын эч кандай тиешеси жок. Бул туурасында бүгүн мэр Албек Ибраимов "Апрель" телеканалынын эфиринде социалдык түйүндөрдөн түшкөн суроолорго жооп берип жатып билдирди.

“Чет өлкөдө атаандаштар бири-биринин бизнесине бут тосушкан учурлар болушу мүмкүн. А бирок, Ош базарынын өрттөлүшүндө мэриянын кандай кызыкчылыгы болмок эле?”-деди мэр. Айтымында, бул - оор айыптоо, мындай сөздөр үчүн аны айткан адамга кылмыш ишин козгосо болот.

Албек Ибраимов ошондой эле, Ош базарын шаардын сыртына көчүрүү керек деген азырынча келечекке коюлган план экенин билдирди.

""Ар дайым план менен иштеш керек. Азыр биз тилекке каршы, андайдан алыстап баратабыз. Мисалы, башка жактарда бизге окшогон мегаполистердин базарлары уюшкандык менен жайгаштырылат. Базарда барган адамга да унаасын койгонго шарт болушу керек. Биз азырынча базардын келечектеги ордун планга киргизип жатабыз. Аны кийин акча болгондо, мүмкүнчүлүк болгондо жасайбыз. Бирок, жерди азыртадан пландап коюш керек. Андыктан, өкмөткө Сокулук, Аламүдүн районунан жердин баарын үй курууга берип жибербей, базар курганга да калтырып коелу деп айттым", -деди мэр.