11.07.2018 15:31

«Ош» эл аралык аэропортунда автоматташтырылган паркинг иштеп баштады

«Ош» эл аралык аэропортунда автоматташтырылган паркинг иштеп баштады

«Ош» эл аралык аэропортунда автоматташтырылган паркинг иштеп баштады. Бул тууралуу «Манас» Эл аралык аэропорту ААКсынын маалымат кызматынан билдиришти. 

«Ош» аэропортунун кире беришинде  жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында үстүбүздөгү жылдын июнь айында көзөмөл-өткөрүү пункттары орнотулган.

Аэропорттогу автоматташкан унаа токтотуучу жай тесттик тартипте иштеп, аэропорттун аймагына кирүү жана чыгуу тартибин иретке салууну көздөйт.

Тутумга автоматташтырылган шлагбаумдар, камералар жана видеобайкоо жүргүзүүчү аппараттар кирет. Видеобайкоо жүргүзүү тутуму кирип жана чыгып жаткан бардык автоунааларды борбордук маалымат базасына каттайт. 

Видеотутум жана IT-программа автоунааларга көзөмөл жүргүзүүгө, алардын түрү, мамлекеттик номери, унаа аэропорттун аймагында кайсы убакта болгону тууралуу маалыматтарды жазып калууга мүмкүнчүлүк берет. 

Автоматташкан унаа токтотуучу жай күнү-түнү иштейт. «Ош» аэропортунун 2 унаа токтотуучу жайы тең автономдук режимде иштеп, ар бирине кире бериште көзөмөл-өткөрмө пункту турат. 

Унаа токтотуучу жайда он бешке жакын видеобайкоо камералары орнотулган, жакында дагы 15 даанасы орнотулат. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн акысыз унаа токтотуучу орундар каралган. 

Тарифтери:

Акы алынуучу унаа токтотуучу жай – 30 cом/саатына жана 150 сом/суткасына

VIP унаа токтотуучу жай  – 50 сом/саатына жана 150 сом/суткасына

Акысыз унаа токтотуучу жай