13.04.2018 10:39

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жүргүзүүдө мыйзам бузганы аныкталды

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жүргүзүүдө мыйзам  бузганы аныкталды

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жүргүзүүнүн талаптарын бузганын аныктады. Бул туурасында комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

МУКК тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө  Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Турак жай- жарандык курулуш департаментинин Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгында  мамлекеттик сатып алууларды мыйзамсыз жүргүзүү жана келишим түзүү фактысы аныкталды.

2017-жылы Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы  Кара-Суу районундагы Ачы жана Араван районундагы Кең-Сай конуштарындагы объектилерди куруу иштерин жүргүзүүдө ачык соода жүргүзбөстөн Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен бир катар келишимдерди түзүшкөн.

Бул келишимдердин негизинде  курулуш башкармалыгы кызмат адамдарына тиешеси бар ортомчу ишканаларга 228 млн. сомдон ашык каражат которгону аныкталды.

Бул факт боюнча Улуттук коопсуздук органдары тарабынан топтолгон материалдардын негизинде Ош облустук прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-статьясынын 3-бөлүгүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-статьясынын 2-бөлүгүндө (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.