16.04.2018 13:32

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тендер өткөрүүдө мыйзам бузганы аныкталды

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тендер өткөрүүдө мыйзам бузганы аныкталды

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы (ККБ) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен контракт түзүү жана мамлекеттик сатып алуу жүргүзүүгө айыпталууда. Бул туурасында Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын (МУКК) маалымат кызматы билдирди. 

2017-жылдын 29-сентябрында Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы (ККБ) Ноокат райондук мектептердин биринде спорт зал жана от казан куруу ишин сатып алууга 16 млн. 990 миң 214 сомго электрондук конкурс жарыялагандыгы ачыкталды.

2017-жылдын 14-ноябрында аталган департаменттин тендер комиссиясы 6 талапкердин ичинен “Икар-А” жоопкерчилиги чектелген коомун жеңүүчү деп тапкан. Бул ишкана 14 млн. 363 миң 528 сом өлчөмүндө башкаларга караганда эң көп сумманы сунуштаган.

Бул факт боюнча Улуттук коопсуздук органдары топтогон материалдардын негизинде Ош облустук прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-статьясынын 3-бөлүгүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-статьясынын 2-бөлүгүндө (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.