27.03.2018 13:57

Ош облусунда 18 миңден ашык адам көчкүнүн айынан таза суусу жок калышты

Ош облусунда 18 миңден ашык  адам көчкүнүн айынан таза суусу жок калышты

Ош облусунун   Кара-Кулжа районунда 26-мартта болжол менен 11:30 чамасында 1-май айылынын Алайчы-Ата тилкесинде көчкү кыймылга келип, кесепетинен Кара-Кулжа, Биймырза айылдарын таза суу менен камсыздаган түтүк иштен чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Мындан улам 18 миңден ашуун адам ичүүчү суусу жок калган.  Учурда  "Кара-Кулжа Таза Суу" муниципалдык ишканасы тургундарды таза суу менен камсыз кылуу аракеттерин көрүп жатат.

 Жарандык коргонуу кызматтары жер көчкү жүрүү коркунучу  тууралуу алдын ала маалымдалган. Көчкү жүрүү ишинин жанданышы электр өткөрүүчү 3 мамычага жана ички чарбалык жолдорго коркунуч туудурат.

Кооптуу аймак айылдан 500 метр алыс жайгашкандыктан, тургундар үчүн коркунуч жок.