Ош облусунда коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгондорду үймө-үй кыдырып текшерүү башталды

Ош облусунда коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгондорду үймө-үй кыдырып текшерүү башталды

Ош облусунда COVID-19 жуктургандар менен байланышта болгондорду кыдырып текшерүүгө алышат.  Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлайт.

Күн мурун, 25-апрелден баштап Ош облусунун Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Чоң-Алай райондорунун аймагында, короновирус илдетине чалдыккан жарандар жашаган айылдарда атайын дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топтор, байланышта болгондорду, үй карантиндегилерди обход жасай башташты.

Анда карантирдик талаптарды сактоо менен бул жарандардын дене табы текшерилип, ПЦР анализдери алынат.

Буга чейин 25-марттан тартып мобилдик бригадалар үй карантинде болгон Ош облусунун 11 898 тургунун карап, бүгүнкү күндө үй карантинден 9 138 жарандарды көзөмөлдөн чыгарышты.

Бүгүнкү күндө Өзгөн районунда 5 мобилдик топ 174 жаранды, Кара-Сууда 18 мобилдик топ илдет аныкталган 27 жарандын туугандары, жакындары болгон 301 жаранды, Чоң-Алайда байланыштагылардын баарын текшерди.

Бүгүн, 26-апрелде республика боюнча СOVID-19 инфекциясын 17 киши жуктурган. Учурда бүткүл өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 682 кишиге жетти. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 180 учур катталды.

370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми стационарда 304 бейтап дарыланууда. 6 адам кайра жандандыруу бөлүмүндө. Коронавирус жугузган 8 бейтап илдеттен көз жумушкан.

Эске салсак, Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.