14.08.2018 10:10

Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунун селден жабыркаган жолдору тазаланды

Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунун селден жабыркаган жолдору тазаланды

Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунун селден жабыркаган ички чарбалык жолдору тазаланды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

2018-жылдын 12-август күнү саат 17:30 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ош-Папан-Кожокелең ички чарбалык унаа жолунун 58-68-75-чакырымдарын таш аралаш шагылдар каптаган. Унаа жолду тазалоого 2 жүктөгүч, 2 самосвал тартылган.
13-август күнү саат 20:00дө тартылган күчтөрдүн жардамында унаа жол толук тазаланып бүттү. 

Ал эми, 12-август күнү саат 18:30 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен жүргөн селден жабыркаган Араван районунунда Культцентр-Чөгөм-Загара ички чарбалык унаа жолу 13- август күнү тартылган күчтөрдүн жардамында саат 19:00дө  толук тазаланып бүттү.