26.10.2018 18:20

Ош ОИИБ: Өз атасы тарабынан зордукталды делген кыз таза чыкты, бирок талаштуу жагдайлар бар

Ош ОИИБ: Өз атасы тарабынан зордукталды делген кыз таза чыкты, бирок талаштуу жагдайлар бар

Ош облусундагы Ноокат районунда өз атасы тарабынан зордукталган делген 8 жаштагы кызга дайындалган экспертиза толук чыга элек. Азырынча, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу гана бар. Бул туурасында April.kg порталына Ош облустук ИИБден билдиришти.

«Экспертиза толук чыга элек дегенибиз, ал жерде талаштуу маселелер жаралып атат. Себеби, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча, кыздын кыздык абийири таза экен. Бирок, кызга карата ыплас аракеттер болгонун тактоочу жагдайлар турат. Кыз менен апасынын сөзүнө караганда, андай аракет болгон. Ал эми, шектүү тарап муну мойнуна албай, «апасынын айтканын гана сүйлөп жатат» деп доомат койгондуктан, муну такташ үчүн психологдор кыз менен иштеп жатышат. Тесттен өткөрүүгө 2 күн керек экен. Психологдор өз корутундусун чыгарып берсе, анан соттук-медициналык экспертизанын,  психологдордун, дарыгерлердин корутундусу чогуу каралып, анан акыркы корутунду чыгат», -дешти маалымат кызматтан.

Ал эми, кыздын апасына дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыгып, аялдын денесине  залал келтирилгени аныкталган. Мындан улам, кечээ, 25-октябрда КР Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган.

Эскерте кетсек, буга чейин «Ак жүрөк» кризистик борборунун башчысы Дарика Асилбекова социалдык тармактагы баракчасында Ноокат районунда 8 жаштагы кызга өз атасы сексуалдык зордук көрсөткөнү белгилүү болгонун жазып чыккан. билдирди.