24.04.2018 15:26

Ош шаардык ИИБынын жаңы жетекчисине оюн жайларына чара көрүүгө 3 күн мөөнөт берилди

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын жаңы жетекчисине кумар оюн жайларына чара көрүү үчүн 3 күн мөөнөт берди. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Сүйүн Өмүрзаков бүгүн Башкармалыктын өздүк курамына жаңы жетекчи, милициянын полковниги Мурат Бороновду тааныштырды. Ал буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп келген.

Министрдин орун басары  Сүйүн Өмүрзаков  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын биринчи кварталдагы ишмердиги боюнча кемчиликтерди белгиледи.

Ошондой эле,  жарандар үйлөрүн, унааларын же ири өлчөмдөгү акча каражаттарын уттуруп ийип жаткан оюн жайларынын үстүнөн шаар тургундары көп даттанып жатканын айтып, оюн клубдарына чара көрүүгө 3 күндүк убакыт берди.

Андан сырткары, баңгизаттары боюнча кылмыштуулукка каршы күрөшту күчөтүүгө чакырды.