10.08.2018 11:03

Ош шаардык салык кызматында салык төлөөчүлөрдү тейлөө борбору ачылды

Ош шаардык салык кызматында салык төлөөчүлөрдү тейлөө борбору ачылды

Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгында «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча кызмат көрсөтүүчү, салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча сервистик борбор ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

Ведомствонун башчысы Т.Абжапаров  белгилегендей, Сервистик борборду ачуу – бул мезгилдин талабы. Салык кызматы салыктык кызмат көрсөтүүлөрдүн зарыл болгон бардык топтомун бир жерден алууга мүмкүн болгон мындай борборлорду ачуу менен, өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртууда, бул албетте, жарандар үчүн абдан ыңгайлуу.

Ошондой эле, Борбордун бирдиктүү терезе принциби боюнча иштөөсү салык кызматкерлери менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы түздөн-түз байланышты азайтууга алып келет.

Сервистик борбордон каттоодон өтүп, салыктарды төлөөгө, отчетторду, эсептешүүлөрдү жана декларацияны тапшырууга, патент толтурууга жана узартууга, ошондой эле, тийиштүү маалыматтарды алууга болот.

Борбордун мындай форматта иштөөсү салык төлөөчүлөрдүн убактысын үнөмдөөгө алып келип, салык төлөө, отчет тапшыруу, маалымкат алуу жана башка кызматтарды пайдалануу менен байланышкан процесстерди тездетет.

Эскерте кетсек, 2017-жылы Ош шаарынын борбордук базарына салык кызматы ишкерлерди тейлөө боюнча алгачкы Сервистик борборун ачкан.

Азыркы учурда, 37 салык органында “бирдиктүү терезе” иштейт. Мындан тышкары, ушул сыяктуу сервистик борборлор ири соода түйүндөрүндө жана базарларда ачылып, ишкерлерге иш жүргүзгөн жеринде эле салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.