05.10.2018 11:56

Ош шаарында муниципалдык унаа токтотуучу жайлар унаа үчүн акча алууну токтотот

Ош шаарында муниципалдык унаа токтотуучу жайлар унаа үчүн акча алууну токтотот

Ош шаарында мындан ары муниципалдык унаа токтотуучу жайларга унаа коюу бекер болот.  Акы алууну жоюу буйругуна Ош шаарынын башчысы Таалайбек Сарыбашев кол койгонун шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Ош шаарындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайлар 1 унаадан 10 сомдон алышчу. Буга көптөгөн шаар тургундары нааразычылык билдирип келишкен. 

«Мэр Ош шаарында акы төлөнүүчү муниципалдык автоунаа токтотуучу жайларда унаа ээлеринен акча алууну жоюу жөнүндө буйрукка кол койду. Мындан ары муниципалдык унаа токтотуучу жайлардан мыйзамсыз жыйым топтогон жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат. Шаар боюнча муниципалдык 26 автоунаа токтотуучу жай бар»,- дейт мэриянын маалымат катчысы.