24.12.2019 14:17

Ош шаарында заманбап 500 орундуу мектеп курулат

Бүгүн, 24-декабрда Ош шаарында 500 орундуу мектептин курулушу башталды. Окуу жайы Ош шаарындагы №7 Нариманов гимназия-мектебине кошумча имарат катары курулууда.

Заманбап мектептин курулушуна тендер жарыяланып, курулуш иштерине 54 миллион сомдон ашык каражат сарпталмакчы. Курулуш иштерин 2020-жылдын IV кварталына бүтүрүү пландалган.

Учурда №7 Нариманов мектеби 1176 орундуу, учурда мектепте 3700 окуучу билим алат.

Маалыматка таянсак, курулуш иштери Бирдиктүү депозиттик эсептин эсебинен салынууда.

Депозиттик эсеп 2018-жылдын июль айында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ачылган. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

Ага ылайык, депозиттик эсептен 15 мектеп курууга каражат бөлүнгөн. Бишкек шаарына жети, Чүй облусуна жети, Ош шаарына бир мектеп курулмакчы.