16.10.2018 15:37
Ош шаарындагы музыкалык окуу жайдан чыккан өрттөн аспаптар күйүп кетти

© КР ӨКМ
Ош шаарындагы музыкалык окуу жайдын имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 16-октябрда саат 01:00 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсү №198 дарегиндеги Ниязаалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын имаратында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат жалпы 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 01:29да чектөөгө алынып, саат 02:42де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен имараттын болжол менен 80 чарчы метр аянты, музыкалык аспаптар, отургучтар жана курулуш материалдары күйгөн.
Өрттүн кетип чыгуу себеби такталууда.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: