24.04.2018 10:30
Ош шаарындагы өрттөн 6 адам жабыркаган, алардын бири -комада
Ош шаарындагы өрттөн 6 адам жабыркаган. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет. Жабырлануучулар тез жардам кызматы менен Ош облус аралык клиникалык ооруканага жеткирилген.
Учурда ар кандай жаракаттар менен төрт адам - дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын үчөөсүнүн абалы орточо оордукта. Ал эми бирөө реанимация бөлүмүндө, комада жатат. Эки кишиге амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, 23-апрель күнү түнкү саат 01:00 чамасында Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: