15.10.2018 16:20

Ош шаарынын аскер комиссариатынын кызматкери 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Ош шаарынын аскер комиссариатынын кызматкери 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Ош шаарынын аскер комиссариатынын кызматкери 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 8-октябрь күнү ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын түштүк аймактар аралык башкармалыгына Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочусу арыз менен кайрылган.
Арызда, аскер комиссариатынын (военкомат) кызматкери уулуна аскер күбөлүгүн жасап берем деп чоң суммадагы акча талап кылып жаткандыгы белгилеген.

«Аныкталгандай, аскер комиссариатынын кызматкери ушул жылдын май айынан бери  19 миң сом алгандыгы, ал эми азыркы учурда 5 миң сом талап кылып, жалпысынан 24000 сом пара талап кылып жаткандыгы такталган», -деп айтылат маалыматта.

Ош шаарынын Аскердик прокуратурасы ИИМдин КМКнын аймактар аралык башкармалыгы тарабынан чогултулган материалдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313- беренеси боюнча (опузалап пара талап кылуу) кылмыш ишин козгогон.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, өзүнүн иш бөлмөсүнөн 5 000 сом пара алып жаткан жеринен Ош шаарынын аскер комиссариатынын (военкомат) кызматкери Ж.А. аттуу кармалган.
Учурда Ош шаарынын Аскердик прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө.