11.05.2018 17:53

Ош шаарынын борбордук аянты 2 айга жабылат

Ош шаарынын борбордук аянты 2 айга жабылат

Ош шаарынын борбордук аянты капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүнө байланыштуу 2 айга жабылат. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. 

Анын айтымында, оңдоо иштерине шаардык мэрия тарабынан акча сарпталбайт. Кытай өкмөтү эки тараптуу кызматташуунун алкагында кайтарымсыз грант бөлүп, аянтты толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүп, жаңы асфальт төшөп берет.

Ошондой эле, бул оңдоо иштери шаар тургундарынын жана конокторунун шаар ичиндеги кыймылына эч кандай тоскоолдуктарды жаратпайт.