14.05.2018 08:40

Ош шаарынын кээ бир райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт

Ош шаарынын кээ бир райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт

Ош шаарынын кээ бир райондорунда бүгүн  электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-майда Ош шаарынын Фуркат, Таштак айылдарында, Маруфий, Бабур, Бакинский жана Кош-Таш көчөлөрүндө саат 9:00дөн 17:00гө чейин жарык жок болот.

Өчүрүү 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.