09.07.2018 18:15

Ош шаарынын мэри кызматына Сарыбашевдин талапкерлиги бир добуштан жактырылды

Ош шаарынын мэри кызматына  Сарыбашевдин талапкерлиги бир добуштан жактырылды

Ош шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Ош шаарынын мэри кызматына өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду. Бул  боюнча чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Буга чейин Оштун мурунку мэри Айтмамат Кадырбаев өз арызынын негизинде кызматтан кетип, Өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган эле. 

Мындан улам, бүгүн, 9-июль күнү, шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция атайын жыйынга чогулуп, бош калган калаа башчылыгы кызматына талапкер көрсөтүү маселесин талкуулаган.

Көпчүлүк коалицияда  КСДП, «Мекеним Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары бар. 

Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлга дайындалган.