13.06.2018 12:29

Ош-Араван-Чекабад мамлекеттик маанидеги унаа жолунда асфальт төшөлүүдө

Ош-Араван-Чекабад мамлекеттик маанидеги унаа жолунда асфальт төшөлүүдө

Араван районунун Ош-Араван-Чекабад мамлекеттик маанидеги автожолунун 6,5-7,5 - чакырым аралыгында асфальт тѳшѳѳ иштери аткарылууда. Бул туурасында Транспорт жана жол министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Ош-Араван-Чекабад мамлекеттик маанидеги автожолунун 6,5-7,5 чакырым аралыгында №44-Жол тейлѳѳ мекемесинин (ЖТМ) күчү менен планда каралган 1 чакырым узундуктагы жол тилкесин асфальттоо иши жүргүзүлүп жатат.

Асфальт тѳшѳѳ иштери жүрүп жаткан жол тилкесинде үзгүлтүксүз транспорт каттамы камсыз болууда. Иш аткарууда 4 автосамосвал, 1 асфальт тѳшѳгүч (асфальтоукладчик), 2 таптагыч, 10 жумушчу иштеп жатат.