13.08.2018 10:16

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолу селден улам бир тараптуу жабылды

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолу селден улам бир тараптуу жабылды

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 110-чакырымында сел калдыктардан улам жол бир тараптуу жабылды. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. 

Кечээ, 12-август күнү саат 17:00 чамасында Ош облусунун Алай районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 110-чакырымында (Аскалы тилкеси) шагыл таштары түшкөн.

Мындан улам, учурда унаа жолдун бир тарабы жабылды. Бир тарабы ачык.  Жерине саат 17:15те КР ӨКМнин №68 ӨККБнөн 3 куткаруучу жана №959 ЖТИнан 1 жүктөгүч тартылып, жолду тазалоо иштери жүрүүдө.