27.09.2018 13:24

Ошто апасы менен кошо 4-кабаттан кулаган бөбөк убактылуу чоң энеси менен калат

Ошто апасы менен кошо 4-кабаттан кулаган бөбөк убактылуу чоң энеси менен калат

Ошто апасы терезеден боюн таштап, кошо ала түшкөн 7 айлык бөбөктүн абалы операциядан кийин жакшырып калды. Учурда жандандыруу бөлүмүнөн жалпы бөлүмгө которулду. Бул тууралуу April.kg порталына Ош облустук балдар ооруканасынын жетекчисинин дарылоо иштери боюнча орун басары Кутпидин Бекажиев билдирди.

Бөбөккө 11-сентябрда операция ийгиликтүү жасалган менен, дене табы көтөрүлүп жаткан. Рентген өпкөсүндө сезгенүү бар экенин көрсөткөн. Керектүү дарыларын ичкенден кийин жакшы динамика байкалууда.

«Учурда баланын абалы турукташып, жакшы болуп калды. Чоң энеси келип, карап жатат. Атасы да келип турат. Апасы менен атасынын нике кагазы жоктугунан, Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кат жөнөткөнбүз. Алар чоң энесине алдыдагы 6 айга убактылуу опекун болуу укугун беришти. Бала ооруканадан чыкканда, чоң энеси менен кетет. Анан алты айдан кийин ким менен калаары кайра каралып чыгат», -деди дарыгер.  

Баланын апасы болсо, учурда Ош облустук ооруканада дарыланууда. 

Эскерте кетсек, 6-сентябрда саат 17:00 чамаларында Ош шаарындагы «Черемушки» кичирайонунда 40 жаштагы аял 7 айлык баласын колуна кармап, 4-кабаттан боюн таштаган. Ал Ош облусттук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылып, баласы оор абалда Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген.  Дарыгерлердин айтымына караганда, бөбөктүн баш сөөгүнөн узун жараңка кетип, ал жерден баш мээнин бөлүкчөлөрү чыгып калган. Мындан улам, 11-сентябрда ал кыртыштарды ичкери киргизип, баш сөөктү кайра жабуу боюнча операция жасалган.