12.09.2018 15:32

Ошто апасы менен кошо 4-кабаттан кулаган бөбөктүн операциясы ийгиликтүү өттү

Ошто апасы менен кошо 4-кабаттан кулаган бөбөктүн операциясы ийгиликтүү өттү

Ошто апасы терезеден боюн таштап, кошо ала түшкөн 7 айлык бөбөктүн баш мээсине жасалган операция ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу April.kg порталына Ош облустук балдар ооруканасынын жетекчисинин дарылоо иштери боюнча орун басары Кутпидин Бекажиев билдирди.

Бирок, дарыгердин айтымында, бала жакшы болуп кетет деп айтууга али эрте. «Кечээ түш ченде бөбөккө операция жасалды. Операция да, андан кийинки учур да жакшы өттү. Бирок, дагы деле баланын дене табы 38,4 кө чейин көтөрүлүп жатат. Рентгенге салсак, өпкөсүндө сезгенүү бар экен. Керектүү дарыларын ичип атат. Аябай чоң жаракат алгандыктан, алдын ала жакшы болуп кетет деп айтуу кыйын. Операциядан 3-4 күн өткөндөн кийин гана бир нерсе дей алабыз», -деп билдирди дарыгер. 

Эскерте кетсек, 6-сентябрда саат 17:00 чамаларында Ош шаарындагы «Черемушки» кичирайонунда 40 жаштагы аял 7 айлык баласын колуна кармап, 4-кабаттан боюн таштаган. Ал Ош облусттук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылып, баласы оор абалда Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген.  Дарыгерлердин айтымына караганда, бөбөктүн баш сөөгүнөн узун жараңка кетип, ал жерден баш мээнин бөлүкчөлөрү чыгып калган. Кечээ ал кыртыштарды ичкери киргизип, баш сөөктү кайра жабуу боюнча операция жасалды.