29.10.2018 16:25

Ошто аскер кызматкери жетекчиликтин коркутууларынан улам өз жанын кыйганга аз калган

Ошто аскер кызматкери жетекчиликтин коркутууларынан улам өз жанын кыйганга аз калган

8-мотоаткычтар дивизиясынын командири Талант Эргешовдун айынан улук лейтенант Ы.А. өз жанын кыйганга аз калды. Бул туурасында 24.kg агенттиги юрист Айсынат Сафарбек кызына таянып жазып чыкты. 

«27-октябрда улук лейтенант Ы.А. Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасына кайрылган. Ал 8-мотоаткычтар дивизиясынын командири, полковник Талант Эргешов кызматтык ыйгарым укуктарын жогорулатканын билдирген. Эргешов Ы.А.ны өзүнө чакырып, чогуу кызмат өтөгөн Мунар Шакеновду куралды мыйзамсыз сатууга, кызматтык укуктарынан аша чабууга жана мыйзамсыз акча жыйноого айыптоого мажбур кылган», -деп айткан юрист агенттикке. 

Юристтин айтымында, офицерди коркутуп-үркүтүү болгондуктан, ал өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.  

Буга чейин Мунар Шакенов Башкы штабдын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев тарабынан кетирилип жаткан тартип бузуулар туурасында Аскер прокуратурасына кайрылган. Аталган аскер чиновнигинин тууганы аскерде кызмат өтөп жаткан маалында «кол тийбестикке» ээ болгон.

«Ал жетекчиликтин талаптарын уккан эмес, уюлдук телефон менен колдонгон, эмгек өргүүлөрүнө мыйзамсыз чыккан. Мындай көрсөтмө жогорку аскерий жетекчилик тарабынан түшкөн. Мунар Шакенов тартипке келтирүүнү талап кылганда, ага басым жасап башташып, Баткен гарнизонуна которуп ийишкен», — деп айткан Айсынат Сафарбек кызы.

Аскер прокуратура текшерүү жүргүзүп, Мунар Шакеновдун иш-аракетинен мыйзам бузууларды тапкан эмес. 

«Жогорку кызматтагы чиновниктин иниси кызматына чыкпай койгон учурлар боюнча далилдер бар. Улук лейтенант Ы.А. менин ишеним берүүчүмө келип, басым көрсөтүшкөнү үчүн гана Шакеновду айыптаганын айтып берген. Аны да Баткенге которуп жиберебиз деп коркутушуптур. Ы.А. азыр арыз менен Аскер прокуратурасына кайрылды», — деп кошумчалаган юрист.

Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасынан агенттикке Ы.А.дан арыз түшкөнүн тастыкташып, көрсөтүлгөн аскер кызматкерлери боюнча текшерүү жүрүп жатканын билдиришкен.