30.08.2018 18:27

Ошто бажы кызматкери темир арматура менен сабаган адам милицияга кайрылды

Ошто  бажы кызматкери темир арматура менен сабаган адам милицияга кайрылды

Ош шаарында бажы кызматынын кызматкери Эмилбек Кимсанов бир кишини темир арматура менен сабап, тапанча менен коркуткан. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булагына таянып, 24.kg агенттиги билдирди. 

Маалыматка караганда, ортодогу пикир келишпестикке жер аянты боюнча талаш себеп болгон. 

«Жабырлануучунун айтымында, кылмышка шектүү аны алгач муштум менен бетке соккон, кийин сөгө баштаган. Ал жакта турган кишилер жабырлануучуну кармап турушканда Эмилбек Кимсанов темир арматура менен сабаган. Кийин тапанчасын алып чыгып, анын оозуна такаган. Шектүү анын үй-бүлөсүн өлтүрөм деп коркутканга чейин барган», — деп билдирген жеке булак.