15.10.2018 17:16

Ошто чет элдик жарандардын акчасына «аңчылык» кылган милиционерлер кармалды

Ошто чет элдик жарандардын акчасына  «аңчылык» кылган милиционерлер кармалды

Ошто чет элдик жарандарды тоноп жүргөн милиция кызматкерлери кармалды. Алар Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызмат батальонунун 25 жаштагы кызматкерлери болуп чыкты. Бул туурасында Ош шаардык ИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, биринчи тоноо 2018-жылдын 1-октябрь күнү саат 19:15 чамасында болгон. Ош шаарынын Кара-Суу кѳчѳсүндѳ жайгашкан «Мээрим» ресторанынын алдында бараткан 18 жаштагы индиялык жаранды өздөрүн «милиция кызматкерлери» деп тааныштырган, азиат улутундагы, болжол менен жашы 25-30 чамасындагы бейтааныш адамдар токтотуп, «ВАЗ 2107» үлгүсүндѳгү автоунаасына олтургузуп, Ош шаарынын У.Салиева кѳчѳсүнѳ алып барышып, ал жерден 3 миң сом накталай акчасын тартып алышкан. Чет элдикти унаадан түшүрүп салышып, өздөрү  окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен.

Кийин 11-октябрь күнү саат 21:00 чамасында Ош шаарындагы банкоматтардын биринен акча алып чыгып бараткан 25 жаштагы индиялык жаран да дал ушундай окуяга кабылган. Бул ирет «милиция кызматкерлери» аны Ош шаарынын Тилеке Баатыр кѳчѳсүнѳ алып барышып, анын жанындагы накталай 100 АКШ долларын жана 2000 сом акчасын тартып алышкан. 

Бул арыз боюнча Ош ШИИБнын Сулайман Тоо МБнын ыкчам-тергѳѳ тобу окуя болгон жерлерде болушуп, тиешелүү маалыматтарды топтошкон. Иликтѳѳ-издѳѳ иштеринин натыйжасында шектүү катары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызмат батальонунун 25 жаштагы эки кызматкери  кармалышты. 

Азыркы учурда аталган факт боюнча топтолгон маалыматтар толук жана ар тараптуу юридикалык баа беруу максатында Ош шаардык прокуратурасына жиберилди.