Ошто индиялык студент сууга чөгүп, каза тапты
Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенти, 19 жаштагы индиялык жаран Ак-Буура суусуна агып, каза болгон. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковго шилтеме берип «Азаттык» жазды.
Маалыматка ылайык, 112 ыкчам номерине 29-майга оогон түндө, саат 4:00 чамасында маалымат түшкөн. Издөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана Ош шаардык ИИБнын кызматкерлери жүргүзүшкөн. 29-май күнү, болжол менен саат 9:30 чамасында студенттин сөөгү табылган.
Маалыматка караганда, маркум бир нече шериктери менен саат 3:30 чамасында дарыянын боюна барып, сууга агып кеткен. Сууга агардан мурда ал алкоголдук ичимдик ичкени маалым болду.
Ош шаарындагы медициналык окуу жайларында эки миңден ашуун индиялык студент окуйт.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: