29.09.2018 16:09

Ошто кытайлык инвесторлор басмырланууда

Ошто кытайлык инвесторлор басмырланууда

Инвестиция керек, жумуш орундар керек, чет өлкөлүк инвесторлорду чакыралы деп эгемендүүлүктү жарыялаган күндөн бери сайрап келебиз. Өлкөдө чет жактан келген ишкерлерге жагымдуу шарт түзүп берели деп мыйзамдарды өзгөртүп, салыктарды азайтып жатабыз. А бирок ушундай чакырыктарга ишенип, Кыргызстанга аттанган инвесторлор чындап эле эмнени гана көрушпөйт.

Мисалы, кытайлык ишкерлер Ош облусунда мал чарбасын курууга жарым миллион доллардан ашык акча сарпташкан, Эми болсо өз өмүрлөрү үчүн кооптонуп жатканын айтып даттанышууда. Жакындан бери жергиликтүү маалымат каражаттары жана атаандаштар атайлап кара пиар жүргүзүп, опуза, коркутууларга чейин барып жатышканын кабарлашты. Инвесторлор учурда чоң басымга кабылганын билдирет.