12.10.2018 13:06

Ошто кызын тушаган киши аталык укуктан ажыратылышы мүмкүн, кыз - балдар үйүндө

Ошто кызын тушаган киши аталык укуктан ажыратылышы мүмкүн, кыз - балдар үйүндө

Ошто атасы тушап койгон 9 жаштагы кыз  «Боорукердик» балдар үйүнө окуя болгон күнү эле жайгаштырылган. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

«Кыздын жеке кыз коопсуздугу үчүн азырынча балдар үйүнө жайгаштырылды. Учурда абалы жакшы.
Атасына кылмыш иш козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
Кыз шаардагы И.В.Панфилов атындагы орто мектебинде 4-класста билим алып жаткан.

Атасы милицияга берген көрсөтмөсүндө аялы — кызынын апасы оорукчан экенин айткан. Кызы үйдөн кача бергендиктен коркутуу максатында чынжырлап койгон. Өзү эч жерде иштебейт. Кыздан башка 2 баласы бар, үй-бүлө начар абалда жашашат.

Эми соттун өкүмү чыкса, атасы аталык  укуктан ажыратылат. Ал эми, чынжырланган кыз менен учурда психологдор иштешип жатат. Анын абалы жакшы экени, балдарга кошулуп  баштаганы айтылат.