05.10.2018 17:32

Ошто майып адамдарга үйдү мыйзамсыз бөлүштүргөндөр камакка алынды

Ошто майып адамдарга үйдү мыйзамсыз бөлүштүргөндөр камакка алынды

Ош шаарынын «Анар» кичирайонунда майыптар үчүн бөлүнгөн батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөнгө шектүү адамдар кармалды. Алар Ош шаардык мэриясынын турак жай-тиричилик комиссиясынын (ТЖК) мүчөлөрү, И.М. жана Ж.К аттуу кызмат адамдары. Бул туурасында УКМКдан билдиришти. 

Такталган маалымат боюнча, бул жооптуу адамдар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга батирлерди бөлүштүрүүдө ТЖК мүчө болушкан. Майыптар үчүн Ош шаарынан бардыгы 66 батир бөлүнгөн. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө, 8 жарандын кыймылсыз мүлкү жоктугу тууралуу көрсөткөн маалымдамалары жасалма экени, 32 адам батир алгыча Ош, Жалал-Абад облустарынын ар кайсы райондорунда жана Бишкек шаарында жашаганы белгилүү болгон. 

Ошондой эле, КРнын Турак-жай кодексининин 44-беренесиндеги «1-2-топтогу адамдарга үйдү биринчи кезекте бериш керек» деген талаптарга карабастан, 3 топтогу 9 адамга үй  берилген.

Кармалгандарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 304- беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-1-п.п. (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-6-п.п.(Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 315-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кызматтык жасалмачылык) каралган кылмыш белгилеринин негизинде айып тагылды.

 

Учурда И.М жана Ж.К КР УКМК Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын ТКЖ киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.