26.10.2018 11:53

Ошто мектептен чыккан боюнча үйүнө кайтып келбеген окуучу кыз изделүүдө

Ошто мектептен чыккан боюнча үйүнө кайтып келбеген окуучу кыз изделүүдө

Ош шаарында мектептен чыккан боюнча үйүнө кайтып келбеген окуучу кыз изделүүдө. Бул туурасында Ош шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган шаардын Салиева кѳчѳсүнүн тургуну, 13 жаштагы  Кочкорбаева Аяна Алмазовна кечээ, 25-октябрда саат 12:00 чамасында Райымбекова кѳчѳсүндѳ жайгашкан №7 Нариман орто мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок. 

Белгилери: боюнун узундугу 150-155 см, дене түзүлүшү орто, кара тору жүздүү, кара каш, чачы узун, кара түстѳ.

Кийген кийимдери: үстүндѳ агыш түстѳгү хиджаб, кызымтыл түстѳ желет, ак түстѳ кофта, боз түстѳгү юбка, бутунда кызымтыл түстѳгү кроссовка.

Эгерде жогорудагы катталган окуя боюнча кандайдыр бир кабар болсо Ош ШИИБнын КМКна тѳмѳндѳгү телефондору аркылуу кабар берип коюшуңуздарды ѳтүнѳбүз:

(03222) 6-55-10, 8-55-11, 0772-41-41-70, 0705-25-52-77.