11.09.2018 12:03

Ошто терезеден боюн таштаган аялдын баласына бүгүн операция жасалат

Ошто терезеден боюн таштаган аялдын баласына  бүгүн операция жасалат

Ошто апасы терезеден боюн таштап, кошо ала түшкөн 7 айлык бөбөккө бүгүн операция жасалат. Бул тууралуу April.kg порталына Ош облустук балдар ооруканасынын жетекчисинин дарылоо иштери боюнча орун басары Кутпидин Бекажиев билдирди.

«Баланын абалы турукташты, бирок оор бойдон калууда. Аны сактап калуу үчүн операция жасоо зарылчылдыгы курч турат. Бөбөктүн баш сөөгүнөн узун жараңка кетип, ал жерден баш мээнин бөлүкчөлөрү чыгып калган. Кечээ консилиумда ошол кыртыштарды киргизип туруп, кайра жабабыз деп сүйлөшүлдү», -деп билдирди Бекажиев.

Учурда Ош облустук балдар ооруканасынын дарыгерлери Бишкектеги нейрохириргдар менен сүйлөшүп, операцияга алганга даярдап жатышат. Кан, плазма даярдалып, баладан бир сыйра анализдери алынды. Баланын абалы турукташканы менен - оор, маал-маалы менен дене табы көтөрүлүп жатат. 

Эскерте кетсек,  6-сентябрда саат 17:00 чамаларында Ош шаарындагы «Черемушки» кичирайонунда 40 жаштагы аял 7 айлык баласын колуна кармап, 4-кабаттан боюн таштаган. Ал Ош облусттук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылып, баласы оор абалда Ош облусттук балдар ооруканасына жеткирилген.