21.06.2019 11:49

Оштогу атасына баруу үчүн караңгыда үйдөн качып чыккан эже-сиңдилер. Окуянын чоо-жайы 

Оштогу атасына баруу үчүн караңгыда үйдөн качып чыккан эже-сиңдилер.  Окуянын чоо-жайы 

Кечээ 7 жана 11 жаштагы эже-сиңди Ош облусунда жашаган атасына баруу үчүн үйүнөн качып чыгышкан. Бул туурасында Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ саат 21:05 чамасында Акыйкатчы институтунун телефонуна Бишкектин батыш автобекетинде иштеген таксисттер чалышып, 7 жана 11 жаштагы эки кыз Ош облусунда жашаган атасына жеткирип коюуларын суранып, бекетте жүрүшкөнүн айтышкан.  

Он мүнеттөн кийин Акыйкатчынын орун басары, Балдар акыйкатчысынын милдетин аткаруучу Гульнара Жамгырчиева Батыш автобекетине барган. Кыздарды таап, окуянын чоо-жайын сураганда, алар Бишкекте атасынын карындашы менен жашап турушканын айтышкан.

Кыздардын айтымында, апасы каза болуп калган. Атасы тирүү экенин, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жашаарын кошумчалашкан. Атасынын бир тууганы кыздарга кол көтөрө турганын, балдар үйүнө өткөрөм деп коркутаарын айтышкан. Кайра ага берип таштабоону суранып ыйлашкан.  

Таксисттер милицияга жана Жашы жете элек өспүрүмдөр иши боюнча инспекцияга да билдиришкендиктен, алар өз кезегинде Бишкек мэриясынын Балдарды реабилитациялоо борборуна кабарлашкан. Мыйзам боюнча Балдар акыйкатчысы тиешелүү акт түзүп, балдарды Борбордун социалдык кызматкерине өткөрүп берген.  

Ошол эле кечте Г.Жамгырчиева кыздардын атасы менен байланышууга аракет кылып, бирок ал телефон чалууларга жооп берген эмес.  

Бүгүн, 21-июнда Акыйкатчынын орун басары Г. Жамгырчиева Балдарды реабилитациялоо борборуна кыздардан кабар алганы кеткени айтылат. Ал эми Акыйкатчы институтунун Оштогу кызматкерлери алардын атасын табуу үчүн Отуз-Адыр айылына жөнөтүлдү.