05.06.2018 10:04

Оңдоо иштеринен улам Эркиндик бульварынын чыгыш тарабы 5-августка чейин жабылат

Оңдоо иштеринен улам Эркиндик бульварынын чыгыш тарабы  5-августка чейин жабылат

Оңдоо, жаңылоо иштерине байланыштуу Эркиндик бульварынын чыгыш тарабы жабылат. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Калаа мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, 5-июндан тартып аталган бульвардын чыгыш бөлүгү жабык болот.

Чүй проспектисинен Түгөлбай-Ата (Линейная)  көчөсүнө чейин асфальт төшөмү жаңыланып, жаңы бордюрлар коюлат.

Оңдоо иштери 5-августка чейин жүрөөрү айтылат. 

--