24.05.2018 08:30

Пакистанда ысык аба ырайы 65 адамдын өмүрүн алып кетти

Пакистанда ысык аба ырайы 65 адамдын өмүрүн алып кетти

Пакистандагы куйкалаган ысык аба ырайынан 3 күндүн ичинде 65 адам каза тапты. Бул туурасында CNN  телеканалы билдирди.

Дүйшөмбү, 21-майда өлкөнүн түндугүндөгү  Карачи шаарында абанын температурасы +44 градуска жеткен.  Адатта, май айында аба +35 градуска дейре ысычу.

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда,  июнь айынын ортосунда гана абанын  температурасы төмөндөйт.

2015-жылы өлкөдө аномалдуу ысыктан 1300 адам каза тапкан болчу.