Пакистандык студенттерди карактоого шектелип, 3 жаран кармалды
Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан карактоо максатында кол салууга шектелип, 3 жаран кармалды. Бул туурасында Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.
18-мартта болжол менен 00:30 чамасында «102» кызматына карактоо фактысы боюнча чалуу түшкөн. Окуя болгон жерге дароо укук коргоо органдары барган.
Пакистандан келген студенттер жашаган батирге 3 белгисиз адам кирип, күч колдонуу менен 2 ноутбук, «Самсунг Галакси S8», «Самсунг Галакси S6», «Айфон 5S» жана «Самсунг» маркасындагы 4 чөнтөк телефон, кол саат жана ичинде 4 миң сом бар капчыкты алып кетишкен.
Окуянын изин суутпай, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ИИМ Академиясынын курсанттары менен бирге аталган кылмышка шектүү катары төмөнкү жарандарды кармашты: А.А., 1997-жылы туулган, К.Н.,2002-жылкы, жана И.Э., 1999-жылкы. Үчөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: