24.10.2018 08:30

Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Афганистандын Улуу жана Кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул туурасында Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Экспедициянын жүрүшүндө памир кыргыздарына 20 тонна ун, 4 тонна кумшекер, 4 тонна макарон жана башка азык-түлүк продуктулары, ошондой эле 20 метр куб жыгач, 120 даана темир меш, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жеткирилди.

Афганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памирге аталган гуманитардык жүк 7 оор жүк ташуучу унаа менен жеткирилген, жүктүн жалпы салмагы болжол менен 60 тоннаны түзөт.

Экспедицияга Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү,  ошондой эле  дарыгер-кардиолог, педиатр, акушер-гинеколог  жана телеканал журналисттери катышты.