12.07.2018 13:06

Памирлик кыргыздар тажик-афган чек арасынан ийгиликтүү өтүп, сапарын улашты

Памирлик кыргыздар тажик-афган чек арасынан ийгиликтүү өтүп,  сапарын улашты

Памирлик кыргыздар 9-июль күнү «Ишкашим» өткөрмө бекети аркылуу тажик-афган чек арасынан ийгиликтүү өтүштү. Бул туурасында Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.

Жайкы эс алуу убагында туулган жерине барып келүүнү көздөп сапар тарткан памирликтерди чек арага чейин Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ӨКМдин өкүлдөрү жеткирип коюшту. 

Ошондой эле, ӨКМдин унаасы менен тажик-афган чек арасына чейин акушер-гинеколог жана Мамлекеттик чек ара кызматынын ага офицери коштоп барды. 

Чек арадан ийгиликтүү өткөн 18 адам Чоң жана Кичи Памирге карай сапарын улашты.